Главная | ПОЛИТИКА | «Бир алкак — бир жол». Биргелешкен өнүгүү жолундагы 10 жыл

«Бир алкак — бир жол». Биргелешкен өнүгүү жолундагы 10 жыл

2013-жылдын сентябрь жана октябрь айларында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Казакстанга жана Индонезияга барганда «Улуу Жибек жолунун экономикалык алкагын» жана «21-кылымдын деңиз Жибек жолун» биргелешип куруу боюнча демилге көтөргөн.

Кытай демилгени «Бир алкак — бир жол» деп атады. Анын максаты — өз ара байланышка түрткү берүү, практикалык кызматташтыкты бекемдөө, эки жактуу пайдага жана биргелешкен өнүгүүгө жетүү. Кытай тарап чын дилден алкактын боюндагы өлкөлөрдү Кытай менен биргеликте тез өнүгүүгө чакырды.

Кытай 10 жыл ичинде «Бир алкак — бир жол» демилгесинин алкагында биргелешкен курулуштар боюнча 150дөн ашык өлкө жана 30 эл аралык уюм менен документтерге кол койду. Өз ара инвестициянын жалпы суммасы болжол менен триллион долларга жетет. Кытай менен маршруттун боюндагы өлкөлөрдүн ортосундагы товар айлантуунун бир жылдагы өсүүсү орто эсеп менен 8,6%ды түзөт.

Демилге инфраструктуралык объектилерди өнүктүрүү үчүн инвестиция тартууну көздөйт. Анын алкагында 3000ден ашык долбоорду ишке ашырып, 420 миң жумушчу орун түзүп, 40 млн адамды жакырчылыктан чыгарууга мүмкүн болууда.

«Бир алкак — бир жол» демилгесинин арты менен Чыгыш Африкада жана Камбоджада жогорку ылдамдыктагы автомагистралдар бар, Казакстан деңиз менен байланышып, Мальдивде деңиздин үстүндө көпүрө пайда болду. Ал эми Лаос эми деңиз чулгабаган жалгыз өлкө эмес, кургактык менен байланышкан борборго айланды, Хорватиядагы Пелешац көпүрөсү курулуп бүттү. Негизги долбоорлор, анын ичинде жогорку ылдамдыктагы Жакарта—Бандунг темир жолу, Будапешт—Белград, Кытай—Таиланд, ошондой эле Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жол долбоорлору ишенимдүү түрдө алдыга жылып жатат.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Ван Вэньбинь билдиргендей, «Бир алкак — бир жол» демилгеси 10 жылдын ичинде ийне-жибине чейин такталган эң популярдуу эл аралык долбоорго айланып, эл аралык кызматташуунун олуттуу жетишкендиктерине ээ болгон масштабдуу платформа болду.

Кыргызстан «Бир алкак — бир жол» демилгесин биринчилерден болуп колдоп, кызматташууга активдүү катышып жаткан өлкөлөргө кирет. Кытай менен Кыргызстан соңку 10 жылда «Бир алкак — бир жол» демилгесинин алкагында бир катар маанилүү долбоорлорду ишке ашырып, учурда дагы олуттуу долбоорлордун үстүнөн иш алып барып жатышат.

«Датка–Кемин» электр өткөрүү линиясы Кыргызстанга бирдиктүү энергетика системасын курууга жардам берди. Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан автомагистралы (башкача айтканда Кашкар—Ош—Андижан—Ташкент жолу) Борбор Азиядагы маанилүү транспорт артериясына айланды.

Кытай өкмөтүнүн грантынын эсебинен Бишкектин жол тармагын реконструкциялоо долбоорунун алкагында борбор калаанын 200 чакырымдан ашык жолу оңдолду. Бул шаардын транспорт жана коммуникация тармактарын гана жакшыртпастан, Кыргызстандын баш калаасын көрктөндүрдү.

Кыргызстан Кытай өкмөтүнүн грантынын эсебинен ирригациялык каналдарды куруп, жер сугарууда. Ошондой эле Бишкекте мектеп, Ошто оорукана салууда.

Түндүк—Түштүк альтернативдик жолу эң ири инфраструктуралык долбоор болуп саналат. Ал Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүнүн транспорт байланышын жакшыртып, өлкөнүн экономикалык жана социалдык жактан өнүгүүсүнө өбөлгө болот.

Өзгөчө кырдаалдарды жоюу тармагы да унутта калган жок. 2023-жылдын 1-февралында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда кыргыз тарапка өрт өчүрүүчү жана авариялык-куткаруучу техникаларды тапшыуу аземи өттү. Заманбап үлгүдөгү ар кандай 100 өрт өчүрүүчү унаа «Ала-Тоо» аянтына тизилди. Бул Кытай өкмөтүнүн грантынан Кыргызстанга берилген акыркы жылдардагы эң ири материалдык жардам болду.

2023-жылдын 24-сентябрында «Ала-Тоо» аянтында Кытай өкмөтүнүн гранттык жардамынын эсебинен «Мобилдик госпиталь» долбоорун өткөрүп берүү аземи өттү. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь аземге катышты. Эки мобилдик госпиталь расмий түрдө кыргыз тарапка өткөрүлүп берилди.

Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолунун курулушу аймактагы эң ири долбоор болот. Бул жол жаңы Азия-Европа трансконтиненттик көпүрөнүн маанилүү бөлүгү болору талашсыз. Кыргызстанга Кытай аркылуу деңизге чыгууга жол ачылат.

Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь билдиргендей, жогорку сапаттагы биргелешкен «Бир алкак — бир жолду» куруу өлкөлөрдүн өнүгүүсүнө жана дүйнөлүк экономиканын өсүүсүнө түрткү берет. «Бир алкак — бир жолдун» алкагындагы маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу кыргыз-кытай достук кызматташтыгы жана Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн гана чоң мааниге ээ болбостон, Кыргызстан эли үчүн да олуттуу пайда алып келет.

Источник