Мухаммед-Назар Раманкулов атасы Эрназар Раманкуловдун Улуу Ата Мекендик согуштагы эрдиги тууралуу:
Менин атам Улуу Ата Мекендик согушка 1941-жылы ноябрь айында Ош облусунун Өзгөн райондук аскер комиссариаты тарабынан чакырылган.
Согуш учурунда Аксылык досу Көңдөев Көкөлөй (согуштан кийинки мезгилде Жаңы-Жол совхозунда алдыңкы, өкмөттүк орден, медалдарга татыктуу болгон чабан эле) менен болгон окуялар тууралуу айтып берген эле. Күндөрдүн биринде полктун аскерлери Орусиянын токойлорунда машинада баратканда Көкөлөй аяш атабыздын пилоткасы башынан учуп кетет экен. Алар атам экөө тең машинадан жарыша секирип түшүп, пилотканы алып, кайрадан машинага чыгышат. Алардын окуясын баамдаган полктун командири эртеси күнү жыйында «Дос деген ушулардай болушу керек» деп мисал келтирген экен.
Экинчи окуя алар экөө тең орденге көрсөтүлгөндө болуптур. Орденге көрсөтүү жараянында эки досту жана 3-4 солдаттарды полктун катарынан (стройдон) алдыга эки тарапка бөлүп чыгарып, төмөнкүлөрдү айткан экен: «Вот это двое — орденоносцы (эки досту карап айтыптыр), а эти — орденопросцы», — деп калган жоокерлерди айткан экен. Көрсө, алар буга чейин командирден орденге көрсөтүүсүн суранышкан экен.
Эрназар Раманкулов 1922-жылы 1-майда Ош областынын Өзгөн районундагы Красный Маяк айылында туулган. 1932-жылы Жылалды айылындагы мектепке окууга барып, анда 4-класска чейин окуган. 1936-жылы Жалал-Абад шаарындагы колхозчу-жаштар мектебинде (ШКМ — школа крестьянской молодежи) 5-класстан окуусун уланткан.
1938-1941-жылдары Жалал-Абад шаарындагы педагогикалык окуу жайында окуп, андан кийин шаарга жакын жайгашкан Сузак районуна караштуу Ырыс айылындагы мектепте эки ай мугалимдик кызматта эмгектенген жана ошол эле жылы ноябрь айында согушка кеткен. Украина, Белоруссия фронтторунда, Польшада немецтик баскынчыларга каршы согуштук аракеттерге сапер, кийинчерээк артиллериялык полкто (439 иптап — истребительно-противотанковый артиллерийский полк) наводчик катары катышкан.
1945-жылы 27-январда бутунан майып болуп, госпиталга жөнөтүлгөн. 1946-жылы туулган жерине — Өзгөнгө кайтып келген. Согуштан келгенден эки айдан кийин Ош шаарында бухгалтерлерди даярдоочу алты айлык курсту бүтүргөндөн кийин Өзгөн районундагы «Кыймыл», «Кызыл Октябрь», «Путь к коммунизму» жана Карл Маркс атындагы колхоздордо, 1963-жылдан «Өзгөн» совхозунда эсепчи болуп эмгектенген.
Анын дээрлик көпчүлүк мезгилинде башкы эсепчилик милдетти аткарган. 1973-1975-жылдарда Өзгөн районундагы Төрт-Көл селолук советинде эсепчи жана жооптуу катчы болуп эмгектенген жана эл депутаттарынын Төрт-Көл селолук советинин бир нече чакырылышына депутат болуп шайланган. 1977-жылы пенсияга чыкканга чейинки аралыкта «Өзгөн» совхозунун бөлүмдөрүндө эсепчи болуп иштеген. 2002-жылы 80 жашында узакка созулган оорудан каза болгон.
Өзү жашаган көчөгө анын ысмы ыйгарылган. Орус, казак, өзбек, түрк, татар тилдеринде жазылган тарыхый жана адабий китептерди окуп, түшүнө билген. Араб жазуусун окуганды жана жазганды өз алдынча өздөштүрүп, колдонгон. Улуу Ата-Мекендик согуштагы эрдиктери жана согуштан кийинки мезгилдеги үзүрлүү эмгеги үчүн төмөнкү сыйлыктарга татыктуу болгон:
1. «Красная звезда» ордени;
2. «Отечественная Война I степени» ордени;
3. «Отечественная Война II степени» ордени;
4. «За отвагу» медалы;
5. «За победу над Германией 1941-1945 гг.» медалы;
6. «Медаль имени Жукова» медалы;
7. «20 лет победы в Великой Отечественной войне 1941-45 гг.» медалы;
8. «30 лет победы в Великой Отечественной войне 1941-45 гг.» медалы;
9. «40 лет победы в Великой Отечественной войне 1941-45 гг.» медалы;
10. «50 лет Вооруженных сил СССР» медалы;
11. «50 лет победы в Великой Отечественной войне 1941-45 гг.» медалы;
12. «60 лет Вооруженных сил СССР» медалы;
13. «70 лет Вооруженных сил СССР» медалы;
14. «В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгы» юбилейлик медалы;
15. «25 лет победы в Великой Отечественной войне» төш белгиси;
16. «Отличник артиллерист» төш белгиси;
17. «Гвардия» төш белгиси.

НОВОСТИ В КЫРГЫЗСТАНЕ