Ош облусундагы Араван районун Кулубаев Сейтек Дөлөтбекович 4 жыл жетектеди. Ал ушул аралыкта райондун кайсы тармагында кандай өзгөрүү, кандай жетишкендиктер болгону тууралуу айтып берди.
С.Кулубаев:
Өлкө тарыхында биринчи жолу кеңири масштабда колдонулган кадрдык ротациянын негизинде мен 2021-жылдын 21-майында Ак-Талаа районунан Араван районуна аким болуп которулдум. Бул саясат — өлкө башчысынын мамлекеттик башкаруу системасын өнүктүрүүгө багытталган жаңычыл саясий кадамы болду.
Ротациянын негизги максаты ондогон жылдар бою жергиликтүү бийликте өкүм сүрүп келген коррупцияны, протекцияны, мамлекеттин өнүгүшүнө карата бөгөт болгон тоскоолдуктарды жеринен жоюп, өлкөбүздү өстүрүү эле.
Өлкө жетекчисинин «Таза иштегиле, таза жашагыла» деген принциптерин туу тутуп, мен Мекеним үчүн белсенип иштөөнү чечтим.
Биринчи:
Эң алды менен элдин күнүмдүк жашоо турмушуна зарыл болгон инфраструктураны оңдоп, айылдын ажарын ачууну чечтик. Район аймагын кыдырып элге кайрылдым, эл колдоп берди. Көп жылдан бери көчөлөрү жайма соодадан, таштандылардан тазаланбаган жергиликтүү тургундарга жакшы шарт түзүү максатында Араванды, айылдарды оңдоого кириштик. Мыйзамсыз имараттар бузулуп, көчөлөр кеңейтилип, асфальтталып, тротуарлар салынып, кооз таштамандар төшөлдү. Көчөнү бойлото көрктүү темир тосмолор орнотулуп, гүл бакчалар түптөлдү. Калктын аярлуу катмары үчүн эң керектелүүчү азык-түлүктү бекер таратуучу социалдык дүкөндөр ачылды. Жайма соода жүргүзгөндөр жаңы «Ак-Була» базарына киргизилди. Жүргүнчүлөр үчүн заманбап шарттагы 20дан ашык айнек аялдамалар курулуп, контейнерлер коюлуп, көчө таштандыдан тазаланып, жарыктандырылып, күндөн-күнгө айылдар көркүнө келе баштады. Биримдиктин жана эмгекчил мүнөздүн натыйжасында Араван району такыр башка нукка түштү.
Райондогу өзгөрүүлөр төмөндөгү видеодо көрсөтүлдү:
Экинчи:
Социалдык-экономикалык тармакты, өндүрүштү өнүктүрүүнү колго алдык.
Төрт жылда тыштан келген инвестиция 9,8 эсе, ички инвестиция 2,9 эсе өсүп, 2024-жылы жалпысынан 1,5 млрд сомго жетти. Өнөр жайдын дүң продукциясы 42,8%га, айыл чарбасынын дүң продукциясы 18,1%га өстү. Жалпысынан 2024-жылы 6965 тонна айыл чарба продукциясы экспорттолуп, 2023-жылга карата 21,6% көп болду. 4 жылда 340 ишкана ачылып, 1411 жумуш орду түзүлүп, 25 ири өнөр жай ишкана курулду. Ошону менен катар республикалык бюджетке салык өндүрүү 3,1 эсеге, жергиликтүү бюджет 59,3 пайызга көбөйдү. 120 миң чарчы метр турак жай пайдаланууга берилди.
Жалпысынан Аравандын эли бардык мамлекеттик тапшырмаларды 4 жыл бою ашыгы менен аткарып келишти. Элдин бул ийгиликтерин президентибиздин кадрдык ротация саясатынын Араван району боюнча учурдагы жеңиши деп эсептейм.
Араван району, 2021-2024-жылдардагы көрсөткүчтөр
Скачать документ
Үчүнчү:
Мен кызматта турган мезгилде бир дагы адам менен жеке кызыкчылыкты көздөгөн мамиле түзгөн жокмун. Мамлекетке берилгендик, адилеттүү башкаруу жана таза иштөө — менин негизги принциптерим болду. Себеби мен жашымдан таза жүргөн адаммын. Жетиштүү үй-бүлөдө төрөлүп, өстүм. Ата-энемден ошондой тарбия алгам.
Таза иштөө менен ыраматылык бир тууган иним Айбек Кулубаев дагы өз кызматында үлгү көрсөттү. Ал 10 жыл Аламүдүн районунда акимдин орун басары болуп эмгектенип, пандемия маалында элдин камын көрүп жүрүп, иш үстүндө зыянга учурады. Анын эмгегин аламүдүндүк тургундар баалап, жаңы курулган эки кабаттуу бала бакчага жана маданият үйүнө ысымын ыйгарышты.
Мен өзгөчө ыраазычылыкты жалпы Араван элине айткым келет. Эмгекчил, калыс, жетекчинин эмгегин баалай билген, күжүрмөн, ынтымактуу эл экен. Жогоруда аталган ийгиликтердин баарын жалпы эл түп көтөрө иш жүзүнө ашырышты. Мен кызматымды тапшырып жатканда жупуну эмгегимди баалап, «Араван районунун ардактуу атуулу» наамын берип узатышты.
Райондогу мекемелердин жетекчилерине, өзгөчө айыл өкмөт башчыларына, жалпы активге терең ыраазычылык билдирем. Эгерде алар уюштуруп, алар башында турбаса, ийгиликтер эч качан жаралмак эмес деп белгилегим келет. Бир команда болуп, жарым сөздөн түшүнүп, ынтымакташып, иш үчүн тике турушту.
Мен мага ишенич берген өлкө башчысынын жана жалпы Аравандын элинин алдында жүзүм жарык деп эсептейм. Менин бул 4 жылдык жетекчилик жолум мамлекеттин өнүгүүсүнө кызмат кылуу максатын көздөдү.
Араван. 2021-2024-жылдары ишке кирген өнөр жай ишканалар жана инфратүзүмдү жакшыртуу
Скачать документ
#сейтек кулубаев #араван